#ISHKERAYIM сынагынын жеңүүчүлөрү аталды

20-ноябрда Аялдар ишкердигинин бүткүл дүйнөлү күнүнө карата өткөн “Өз алдынча болуу эрдиги” аттуу конференцияда ишкерликтеги аялдардын эң мыкты санарип окуяларына журналисттер арасындагы #ISHKERAYIM сынагынын жыйынтыгы жарыяланды.

Сынактык комиссияны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин катчылыгынын башчысы Бакыт Дегенбаев жетектеди. Комиссия курамында маалымат аналитиги жана «Курак» Аялдар Форуму» КБсинин башкаруу кеңешинин мучөсү Савия Хасанова, «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду» КБсинин жетекчиси жана БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча бешинчи “Гендердик теңдик” максатынын Кыргызстандагы элчиси Асел Кубанычбекова, «B2B Globe» ивент компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Алина Касенова, журналист жана «Capital Media» компаниясынын негиздөөчүсү Айсулуу Текимбаева иштеди.

Сынактык комиссиянын жыйынынын натыйжасында #ISHKERAYIM сынагынын жеңүүчүлөрү деп:

  • “Мамлекеттик тилдеги эң мыкты видеоматериал” номинациясында – Ажиматова Гульжан «Тоо туризимин өнүктүргөн ишкер айым»
    https://www.youtube.com/watch?v=JULCnrFJidg&feature=youtu.be&fbclid=IwAR3D6N2Trz8z4H59M4aFA8yXUTa4r3_XfyoN1GnaUPtzAXCPPj-Dg—CKVA
  • “Расмий тилдеги эң мыкты видеоматериал” номинациясында – Калматов Руслан «Покупают даже россияне. Как мать-одиночка превратила изготовление тандыра в семейное дело»
    https://rus.azattyk.org/a/30132841.html
  • “Мамлекеттик тилдеги интернет-басылмалардагы эң мыкты макала” номинациясында – Кубанычбек кызы Касиет «Бактыгуль Аскералиева: Өзумду ишкер эмес, агроном катары тааныштырам…»
    http://kyrgyzmedia.com/2019/09/12/baktyg-l-askeralieva-z-md-ishker-emes-agronom-katary-taanyshtyram/
  • “Расмий тилдеги интернет-басылмалардагы эң мыкты макала” номинациясында – Боромбаева Мунара «История Айзады – укротительница быков и любительница тракторов» эмгеги менен табылды.
    https://bars.media/?p=11778

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *