#HERSTORY

Майрамыңыздар менен, урматтуу мырзалар! Мырзалардын майрамы, айымдардын майрамы менен удаалаш болуп калган…

12 жыл мурун алгачкы жолу альтернативдүү 8-Март майрамын майрамдаганбыз. Аялдар кыймылы боюнча курбуларым менен History деген сөздүн маанисин талкууладык. Бул сөз мырзаларга гана таандык болуп, жадагалса мырзалардын түсүн белгилегендей, айымдарды стереотиптердин жана ырым-жырымдардын көзгө сайса көрүнгүс көлөкөсүндө калтыргандай сезилген. Талкуубуздун соңунда бул маанинин аялдык бөлүгүн белгилеген HerStory тууралуу айталы деп чечкенбиз. Ал тууралуу тарыхта, ал эмес жаңы тарыхта да татыктуу үлгүлөр бар… 
HerStory – бул 90-жылдары чаар баштыкты мойнуна илип, челнок болуп, үй-бүлөсүн баккан жана балдарын бутуна тургузган, өзүн жоготкон жана капысынан ичип кеткен күйөөсүн соороткон аял тууралуу. 
HerStory — бул “Кыргызстандын тигүү тармагы” деп аталган ири мозаиканын пайдубалы болгон аял тууралуу.
HerStory — күнүгө араң эки гана тортганга акчасы жеткен жана аларды жайдын саратына да, кыштын ызгаарына да карабай көчөдө саткан аял тууралуу … Азыр Ал дүкөндөрдүн, ресторандардын түйүндөрүнүн башында турат. 
HerStory – бул татыктуу жолдор менен инфраструктура жок болгондугуна карабастан, өзүнүн айрыкча меймандостугу, кең пейили жана жайдары мүнөзү менен Кыргызстанды Lonely Planet рейтинги боюнча 2019-жылы көрүүгө татыктуу 5 өлкөнүн ичине киргизген аял тууралуу.
HerStory – бул 42 жашында китепканаларда баш көтөрбөй окуган жана биздин өлкөнүн алгачкы Гарвард бүтүрүүчүсү болгон аял тууралуу. Алардын баары Кыргызстан үчүн алгачкылар болгон жана алгачкы бойдон калышат.
НerStory – бул кантип Аялдын түнөргөн тарыхтан, көмүскө экономикадан, социалдык маселелердин жашыруун сырларынан, маданият жана каада-салттардын тыюуларынан өзүн алып чыккандыгы, коркунучтардын караңгылыгынан жарыкка суурулгандыгы тууралуу.
Her Story – жашаган, дем алган, кыялданган, иштеген, издеген, салым кошкон, тынбаган, жакшы нерселерди жараткан Аял тууралуу…
HerStory – бул биздин менторлор жана алардын шакирттери тууралуу. Биз менен болуңуздар!!! … 

#HerStory#ЖакшыгаЖанаш

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *