Банур Абдиева, «Курак «аялдар форуму» коомдук фондунун торайымы: «Союз тарагандан кийин эгемен Кыргызстанды бутуна тургузган — бул аялдар. Чаар баштык көтөргөн аялдар бүтүндүй өлкө жүгүн өз моюнуна арткан».
Айнура Сагынбаева, SIAR консалтинг компаниясынын жетекчиси : «Билимдүү аял — билимдүү жана өнүккөн коомдун башаты».
Искендер Ормон: “Аял басмырланган коомдо терроризм, экстремизм күч алат. Анткени мындай коомдо “муштум” чечүүчү фактор. Дүйнөдөгү экономикалык жактан мыкты өнүккөн алдыңкы жыйырма өлкөнү карасак, бул өлкөлөрдө аял менен эркектин укуктары тең сакталган”.Данияр Аманалиев (Daniyar Amanaliev): “Кыргызстанда эркек болуп жаралган жыргал жана мындай жыргал позициядан эркектер эч качан өз эрки менен баш тартпайт. Аялдар өз укугу үчүн өзү күрөшүп, өз ара биригиши керек”.Банур Абдиева (Banur Abdieva): “Аялдардын укугу деген — бул эркектерди басмырлоо эмес. Тең укуктуу шартта бардык тараптар бирдей утат”.Ainoura Sagynbaeva: “Аялдарга айтаарым: алды менен өзүңүзгө көңүл буруп, өз билимиңизди өркүндөтүп, өз потенциалыңызды жогорулатууга аракет кылыңыз”
Опубликовано Capital KG Понедельник, 8 апреля 2019 г.