Спутник радио беруусундо Курак айымдар форуму баштап жаткан жаны долбоордун устунѳн абдан кызыктуу жана маанилуу маек болду

14 февраль 2019 жыл. Бугун Спутник радио беруусундо, Асел айым менен Курак айымдар форуму баштап жаткан жаны долбоордун устунѳн абдан кызыктуу жана маанилуу маек курдук.
«Курак» Айымдар Форуму БУУѲП колдоосу менен аялдардын жумуш менен камсыз болуусун жана алардын киреше булактарын кѳбѳйтүү максатында аялдар менен жаштардын ишкердигин ѳнүктүрүү программасын баштап жатмакчы. Программа Кыргызстандагы ишкер-айымдардын позитивдүү үлгү ролдорун илгерилетүү менен бирге элет аял жана жаш ишкерлерге колдоо кѳрсѳтѳт. Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Кѳл облустарында бул тематиканын алкагында кербен-семинарлар ѳткѳрүлѳт. Айыл жергесинде жашап, ишмердүүлүк жүргүзгѳн 50 ишкер-айым жана жаштар үчүн бизнес-устат программасы иштелип чыгып, жүзѳгѳ ашырылмакчы. Насаатчылык атайын бизнес-устат катары окутулган кесипкѳй айым ишкерлер тарабынан жүргүзүлѳт.

Насаатчы жана шакирт болууга умтулган ишкер айымдар жана ишмердүүлүккѳ кызыккан адамдар болсо, ушул долбоорго катышууга чоң мүмкүнчүлуктѳру бар.

Дагы: https://sputnik.kg/Radio/20190214/1043346057/kurak-ajymdar-forumu.html

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *