Ишкер айым Райхан Ташболотова

Ишкер айым Райхан Ташболотова — Баткен шаарындагы «Магнат» нандарын бышырган цехтин негиздөөчүсү. Райхан айым Россиядан нандын түрүн жасаганды үйрөнүп, тажрыйба топтоп келип, өз ишин баштаган.

Учурда цехте диеталык нандар, пряник, коржик, кекс, булочкалардын түрлөрү, тойлорго даяр себеттер, боорсок салгычтар, камырдан жасалган этно-идиштер жасалып чыгат.

Биз Райхан айым менен журналисттер арасында жыл сайын өткөрүлгөн #ISHKERAYIM сынагы аркылуу тааныштык. Ал 2023-жылынын жеңүүчүлөрүн бири Абдиева Назиранын макаласынын башкы каарманы. 

Райхан айым журналист менен маектешип, бизнесин кантип баштап калганын, Баткенде бизнес кылуунун жеңил жагы менен оор жактары тууралуу айтып берген.

🔖 Макаланы толугу менен окуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз: https://im.kg/biznes-maek/2023/07/03/el-kiecheeghi-alghan-nanyn-bughun-kaira-alsa-elie-ishibiz-zhurushkonu-oshol-ishkier-raikhan-tashbolotova/ 

_______________

📌 ИШКЕР MEDIAнын журналисти Абдиева Назира 2023-жылынын «Мамлекеттик тилдеги интернет басылмалардагы мыкты материал» наамынын жеңүүчүсү.

«Курак» айымдар форуму журналисттер арасында #ISHKERAYIM аттуу сынагын жыл сайын өткөрөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *