Устат Заирбек Торобеков жана шакирти Жылдызкан Айткулова

«Кимдир башка кайра иштетүү цехин ачууда мага окшоп күйүп калбасын, — деген ой менен проектке келгем. — Мен өзүм билгенимди үйрөтөйүн, андан да көбүрөөк үйрөнөйүн!»

Ментордук программанын эң жооптуу устаттарынын бири Заирбек Торобеков — Кыргызстанда токой пайдалануучулар жана жер пайдалануучулардын ассоциациясынын, Жалалабаттагы демонстрациялык участкасынын жана кайра иштетүү цехинин жетекчиси. Кыргыз жаңгактарын, балам, мисте, алма жана башка мөмө-жемиштерди сорттоп, кургатып, «Жибек жолу татымы» бренди алкагында чыгарат.

Шакирт Жылдызкан Айткулова кайналыны (кара өрүк) кайра иштетүү боюнча цехти кармайт. Бизнеске жаңы келгендиктен билимини арттыруу максатында проектке катышкан.
Ментордук программа UNDP in the Kyrgyz Republic менен биргеликте ишке ашырылып, аймактардагы аялдар жана жаштар ишкерлигини өнүктүрүүгө багытталган.

#ийгиликке_ийгилик #жакшыгажанаш #женскоепредпринимательство

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *